Ооганстанда жанкечтинин кол салуусунан набыт болгондордун саны 36га жетти
Ооганстанда жанкечтинин жардыруусунан каза тапкандардын саны 36га жетти. Окуя 16-июнда өлкөнүн чыгышындагы Нангархар шаарында талибдер менен өкмөттүк күчтөрдүн Орозо айынын аякташына байланыштуу атышууну убактылуу токтотуу тууралуу сүйлөшүп жаткан учурда болду.
Президент Ашраф Гани ок атышпоо режими узартылганын билдирген болчу.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө «Ислам мамлекети» террордук тобу алды. Нангархар провинциясында бул топтун негизги базасы жайгашкан.
Ороза айтка байланыштуу үч күндүк ок атышпоону жарыялаган «Талибан» кыймылы жанкечтинин жардыруусуна тиешеси жок экенин айтууда. (RK)