Кыйноолорго каршы мини-футбол турнири өтүүдө
Бүгүн Бишкекте, Кыргызстандын Футбол федерациясынын оюн талаасында Кыйноонун курмандыгы болгон адамдарды колдоонун эл аралык күнүнө карата мини-футбол турнири башталды. Иш-чараны Кыйноого каршы коалиция өткөрүүдө.
Быйыл бешинчи жыл уюштурулган турнирге мамлекеттик органдардын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган 16 команда катышууда.
Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен жыл сайын 26-июнда дүйнөдө кыйноонун ар кандай түрлөрүнө кабылган адамдарга колдоо көрсөтүү максатында иш-чаралар, талкуулар жана акциялар уюштурулат.
Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматына караганда, быйылкы жылдын алгачкы төрт айында 93 арыз келип түшкөн. Алардын 44ү түздөн-түз кыйноого кабылган фактылар боюнча. Калгандарынын мазмуну соттолуучуну башка абакка которуу, камерадагы шарттын начардыгы жана башка маселелер тууралуу болгон. (ECh)