Аба ырайы: күн жылуу болот
23-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй өрөөнүндө 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 24...29,
Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21
Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 18....23,
23-24-апрелде Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден 14 метрге чейин жетиши мүмкүн.