НАТО Орусияны “тоготпостугун” көргөзүп жатканы үчүн айыптады
Түндүк Атлантикалык альянстын баш катчысы Йенс Столтенбергдин 19-мартта айткандарына караганда, Орусия өзүнүн “Новичок” программасынын чоо-жайын ачыктабоо менен эл аралык коопсуздукту жана тынчтыкты “көз-көрүнөө эле тоготпогондугун” далилдеп жатат.
НАТО баш катчысы Орусиянын “Новичок” программасы дегенде Британиянын Солсбери шаарында мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипал менен анын кызы ууландырылганда колдонулган химиялык затты эске алууда.
Ал белгилегендей, Орусия бул программасынын чоо-жайын Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмга ачыктоосу керек.
Столтенберг ошондой эле НАТОнун мүчөлөрү бул кол салууну айыптоого келгенде биримдикте экенин, аны иликтөөдө Британияны колдой турганын кошумчалады.
Британия мурдагы орусиялык чалгынчы Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия быйыл 4-мартта ууландырылганда нервди шал кылуучу “Новичок” уу заты колдонулган деген бүтүмгө келди.
Премьер-министр Тереза Мэй президент Владимир Путиндин сөздөрүн 19-мартта да четке кагып, бул кол салуу үчүн жалгыз күнөөлүү тарап “Орусия мамлекети” деп ырастады.
Ал бул тууралуу Sky News телеканалына айтты.
Ага чейин 18-мартта, шайлоодогу жеңиши билингенден кийинки сөзүндө президент Владимир Путин аларда “Новичок” сындуу уу зат жоктугун билдирген. (UE)