ИИМ: Аскат Асанкадыровдун 500 доллары жоголгон эмес
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, Бостериде өрттөнгөн "Осьминог" ресторанынын ээси Аскат Асанкадыровдун арызга тиркелген 500 доллары сотто далил зат катары турган:
-Сот иштери жүрүп жаткан учурда акча далил зат катары сотто болгон. Иш каралып бүткөндөн кийин бул акча сот аткаруучулар аркылуу жабырлануучуга кайтарылып берилди.
Бостериде өрттөнгөн "Осьминог" ресторанынын ээси Аскат Асанкадыров "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" программасында кылмыш тобунун мүчөлөрү талап кылган 500 доллар "караларды" кармаган учурда далил зат катары тергөөгө, андан ары сотко кетип, кийинчерээк дайыны чыкпай калганын билдирген эле. Азырынча арыз ээси менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
7-январь күнү Ысык-Көлдөгү Бостери айылында «Осьминог» рестораны толугу менен күйүп кеткен. Анын ээси буга жергиликтүү кылмыш тобун айыптаса, милиция "өрт газ баллондун жарылуусунан келип чыккан" деген жоромолун тараткан. Ишкерлерге кылмыш дүйнөсүнүн басымы тууралуу маселе парламентте да талкууланып, депутаттар Элвира Сурабалдиева менен Дастан Бекешев "бийлик ишкерлерди кылмышкерлерден коргой албай жатат" деп сындап чыгышкан. (ZKo)