Улуттук университеттин студенттери окуу имаратынын абалына нааразы
Буга байланыштуу Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин журналистика факультетинин студенттери ректордун атына кайрылуу жолдошту. Алар өздөрү окуп жаткан университеттин 8-окуу имаратында билим алууга мүмкүн эмес экенин белгилеп, эскилиги жеткен имарат оңдоп-түзөөгө муктаж экенин билдиришкен. Кайрылуу ээлери ошондой эле журналистика факультетинде окуу акы төлөө негизинде жүргүзүлөрүн белгилешип, төлөнгөн акчалардын эсебинен ректорат студенттерге окуу үчүн "жакшы шарт түзүп берүүгө милдеттүү" экенин эскертишкен.
Улуттук университеттин журналистика факультети 8-окуу имаратына өткөн жылдын 1-сентябрынан тарта көчүрүлгөн. Ага чейин факультет окуу жайдын башкы окуу имаратында жайгашып келген, журналистика факультетинин теле жана радио студиялары да башкы имаратта жайгашкан.
Улуттук университеттин жетекчилигинен бул боюнча пикир алууга азырынча мүмкүнчүлүк болгон жок.(ZKo)