Украина: шайлоочулардын 33,8% добуш берди (видео)
Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча Киев убактысы менен саат 16:00гө карата добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы саны 33,8% түзгөн.
Украинада добуш берүү аралаш система менен өтүүдө: 450 депутаттын жарымы партиянын тизмеси менен шайланса, калган жарымы бир мандаттуу округдардан шайланышат. 22 саясий партиядан эки жарым миңден ашык талапкер катышса, можаритардык талапкерлердин саны үч миңден ашат.
Алдын ала жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык парламентке беш партия өтүшү ыктымал. Алар: "Эл кызматчысы" ("Слуга народа"), "Европа тилектештиги" ("Европейская солидарность"), "Оппозициялык платформа", "Голос" жана "Күч жана намыс" ("Сила и честь").
Крым жана Донбасс украин бийлигинин көзөмөлүндө эместигине байланыштуу ал аймактарда добуш берүү болгон жок.