Кочкордо майзамсыз аң уулагандар куралы менен кошо кармалды
Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, кармоо учурунда алардын автоунаасынан эки тоо эчкинин, бир карышкырдын, топоздун эти жана 17 огу менен ок атуучу курал табылды.
Териштирүүнүн жүрүшүндө ал адамдардын аң улоого уруксаты жок жана ок атуучу курал аларга таандык эмес экени белгилүү болду.
Окуя учурда Кочкор райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте териштирилип жатат.
Бул факт Экотехинспекциянын жапайы жаныбарларды коргоо максатында уюштурулган атайын рейди учурунда аныкталды.