“Эйр Манас”: Москвадагы учак оңдолуп жатат
“Эйр Манас” авиакомпаниясынын Москва-Бишкек каттамын аткарган учагын оңдоо үчүн Кыргызстандан керектүү тетик жөнөтүлдү. Бул тууралуу аталган компаниянын башкы директору Талгат Нурбаев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, учактагы 150дөн ашуун жүргүнчү бүгүн, 14-октябрда учуп келишет.
- Учак учууга камданып жатканда бир тетикти алмаштыруу керек деген белги болгон. Биз ал тетикти бүгүн эртең менен жөнөттүк. Жүргүнчүлөр мейманканаларга жайгаштырылып, ысык тамак менен камсыз болууда. Каалоочуларга билеттерин кайтарып беребиз.
Каттам качан калыбына келери тууралуу так маалымат айтылган жок.
Жүргүнчүлөр 12-октябрда саат 22.00дө Москванын Домодедово аэропортунан Бишкекке бара турган "Эйр Манас" компаниясынын 562 ZM рейси кармалып, кыргызстандыктар кете албай жатышканын ишемби күнү “Азаттыкка” кабарлашкан.
Кыргызстанга кете албай жаткан мигранттардын арасында балалуу аялдар, кары-картаңдар бар.
Москвадагы кыргыз элчилиги бул жарандардын маселеси тууралуу кабар алган. Авиакомпаниянын өкүлдөрү учак Кыргызстанга 14-октябрда учаарын билдиришкен. Убактысы азырынча белгисиз. (КЕ)