Ысык-Көлдө автокырсыктан бир үй-бүлөдөн төрт киши каза болду
5-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы - Ананьев - Каракол жолунун 84-чакырымында болгон автокырсыктан төрт киши мерт болду. Кырсык саат 00:30 чамасында болгон. Маалыматка караганда, Чүй облусунун 42 жаштагы тургуну К.М. айдап бараткан «Фольксваген-Гольф-3» автоунаасы чыгыштан батышты көздөй баратып «Тойота-Ист» унаасы менен кагышкан. Экинчи автоунааны Түп районунун 56 жаштагы тургуну Д.Ш. айдап бараткан. Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерден төрт киши көз жумган. Алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү... Читать дальше...